Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоору тарабынан Экономика жана финансы министрлигине техникалык колдоо

Новости
31-Май 2021-ж.
3148

2021-жылдын 31-майында “жашыл” экономиканын принциптерин илгерилетүү жана өнүктүрүү алкагында Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоору тарабынан Экономика жана финансы министрлигинин “жашыл” экономиканы өнүктүрүү боюнча түзүмдүк бөлүмдөрүнө видеоконференцияларды уюштуруу үчүн компьютер жана оргтехника түрүндө техникалык колдоо көрсөтүлдү.

GIZ “Жашыл экономика жана жеке сектордун туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун жетекчиси Шамир Ханал Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы жайылтуу боюнча биргелешкен аракеттерге даяр экендигин билдирип, бул багытта жемиштүү иштерди каалады.

Өз кезегинде Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиев “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун жетекчисине техникалык колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле, Германиянын (GIZ) эл аралык кызматташтык коому, тактап айтканда, “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоору Кыргыз Республикасында “жашыл” экономика принциптерин өнүктүрүү жана алдыга жылдыруу боюнча негизги онөктөштөрдүн бири экендигин белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасында “жашыл” экономиканы моделдөө институтташтыруу, “жашыл” экономиканы өнүктүрүүнүн принциптерин жана программасын алдыга жылдыруу жана башка саясатты күчөтүүгө багытталган активдүү иш-чаралар боюнча мындан аркы жемиштүү жана тыгыз кызматташууга ниеттерин билдиришти.

Мындан тышкары, GIZдин “Жашыл экономика жана жеке секторду туруктуу өнүктүрүү” долбоорунун жетекчиси Шамир Ханал Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевге Honda (Япония) жана DongFeng (Кытай) эки автомобиль куруу алптарынын биргелешкен биригүүсүнүн натыйжасы болгон DongFeng Honda Siming X-NV жол тандабас (Sport Utility Vehicle) электр унаасын презентациялады.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу