Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Иманалиевдин төрагалыгы алдында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында ишкердик субъекттерге келтирилген зыянды аныктоо боюнча комиссиянын жумушчу жолугушуусу болуп өттү

Новости
31-Май 2021-ж.
3336

Үстүбүздөгү жылдын 28-майында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Иманалиевдин төрагалыгы алдында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында ишкердик субъектилерине келтирилген зыянды аныктоо жана жабыр тарткан ишкердик субъекттерин колдоо механизмдерин боюнча комиссиянын жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Комиссиянын жыйынынын жүрүшүндө 2021-жылдын 19-20-майында 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан жапа чеккен Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондоруна болгон сапардын жыйынтыктары жөнүндө маалымат, ошондой бир эле катар көйгөйлүү маселелер угулду.

Аларды жоюу максатында Комиссиянын төрагасы Д.Иманалиев аталган маселелер боюнча жооптуу ыйгарым укуктуу органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу