КР Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш. Иманалиев жана КР Экономика жана финансы министринин орун басары Б.А.Алиев 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги жаңжалдан жабыр тарткан Баткен районунун чек ара айылдарына барышты

Новости
23-Май 2021-ж.
2701

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып, КР Экономика жана финансы министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш.Иманалиевдин төрагалыгы астында кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактын натыйжасында ишкердик субъекттерге келтирилген зыянды аныктоо жана жабыр тарткан ишкердик субъекттерине колдоо көрсөтүү механизмдерин аныктоо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жана Баткен районунун чек ара айылдарынын учурдагы абалы менен таанышуу максатында ушул жылдын 20-22-майында Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Ш.Иманалиев, КР ЭФМ министринин орун басары Б.А.Алиев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары А.К.Ташбалтаевдин жана КР ЭФМ Региондор аралык башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда 2021-жылдын 28-30-апрелиндеги жаңжалдан жабыр тарткан Баткен облусунун чек ара аймагына иш сапары менен барды.

Арка-1, Арка-2 айылдарында Жаңы-Жер, Максат жана Интернационал а/о Кулунду айылдарында чыр-чатактын жүрүшүндө жабыр тарткан тургундар жана ишкерлер менен жолугушуу болуп өттү.

Максат айылында тез курулуучу үйлөрдүн сериясынан СИП-панелдердин конструкциясын колдонуу менен жабыркаган тургундар үчүн үйлөрдүн курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана Лейлек жана Баткен райондорунун мамлекеттик администрацияларынын башчылары-акимдер, ошондой эле ошондой эле көйгөйлөрдү чечүүгө жана жабыр тарткан райондордун жашоочуларына жардам көрсөтүүгө катышкан региондук мамлекеттик (МСК, ӨКМ, ИИМ, КРУБ) органдардын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуулар болуп өттү.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу