Так өлчөө маданияты - 20-май Бүткүл дүйнөлүк метрология күнү!

Новости
20-Май 2021-ж.
3066

Метрология - так илимдердин бири. Ал өлчөөлөрдү бирдиктөө жана талап кылынуучу тактыкка жетишүү методдору жөнүндөгү илим. Өлчөмдөргө жана салмактарга байланыштуу адам жашоосунун бардык чөйрөлөрү ушуга байланыштуу: соодадан жаратылышты коргоого чейин.

1875-жылдын 20-майында Парижде “Метрикалык Конвенцияга” кол коюлган. Бул ар кайсы өлкөлөрдө өлчөө системаларынын бирдейлигин орноткон биринчи эл аралык келишим. Ошол убакта аны 17 мамлекет бекиткен, катышуучулардын саны азыркы убакта элүүдөн ашат. Ушул Конвенциянын негизинде Салмак жана өлчөмдөрдүн эл аралык уюму түзүлгөн, анын ишинин натыйжаларын бардык мамлекеттер колдонушат. 

Метрологиянын бүткүл дүйнөлүк күнү 1999-жылдын октябрь айында МКМВ уюмунун 88-жыйынында уюштурулган эл аралык кесиптик майрам болуп саналат. Бул дүйнө жүзү боюнча бирдиктүү метрологиялык мейкиндик пайдубалын түптөөгө мүмкүндүк берди, бул ийгиликтерге төмөнкү таланттуу орус окумуштуулары өбөлгө түздү: Д.И. Менделеев, Г.И. Вильда, О.В. Струве, Б.С. Якоби. Өлчөө илимдери жаатында азыркы учурда белгиленген дүйнөлүк кызматташтыктын жана өз ара аракеттенүүнүн алкактары алган билимдерди коммерциялык иштерде, өнөр жайда жана коомдук турмушта ийгиликтүү колдонууга мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун метролог-кесиптештерин, кызмат милдети боюнча ишканаларда жана уюмдарда, транспортто, энергетикада, Куралдуу күчтөрдө жана бизге ыңгайлуулукту жана коргоону камсыз кылган ири инфраструктуранын көптөгөн башка түзүүчүлөрдө метрологиялык камсыз кылуу үчүн жооп берген, бул уникалдуу тармактын бардык адистерин чын жүрөктөн куттуктайт.

Сиздердин ишиңиздерде граммга, миллиметрге чейин тактык жана ырааттуулук каалайбыз. Биздин чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана жакшы каалоолорубузду кабыл алыңыздар!

Метрологдордун дарегине ЕАЭБ техникалык жөнгө салуу боюнча Коллегия мүчөсүнөн (министр) жана ЭГУнун стандарттар бюросунан куттуктоо келип түштү.


 

ЕЭК б-н от 19.05.21..pdf

            

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу