КР ЭФМ министринин орун басары С.Рысалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А. Гайсинге барды

Новости
19-Май 2021-ж.
2585

Бүгүн, 2021-жылдын 19-майында КР ЭФМ министринин орун басары С.Рысалиев Гайсин Абулхалик Каюмовичке барып жолугуп, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин жамаатынын атынан тынчтык үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, ден-соолук, жана узак өмүр каалады.

С.Рысалиев А.Гайсин менен баарлашып, ден-соолугун сурап, оорудан кийин тезирээк сакайып кетишин каалады.

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А.Гайсин 1927-жылы туулган, 94 жашта. А.Гайсин заводдо 14 жашынан баштап иштеген. 1944-жылы ал аскерге чакырылган. Анын кызматы Уфанын жанынан, андан кийин Уралдагы Кувандыктан башталган. 

1949-жылга чейин Малиновскийдин баш кеңсесиндеги байланыш түйүнүндө телеграф оператору болуп иштеген. Демобилизациядан кийин ал Казакстанга кайтып келип, андан кийин Украинада энергетика боюнча техникалык окуу жайында окуп, 1973-жылы Фрунзе шаарына көчүп келген. Ленин атындагы заводдо электриктердин бригадири болуп иштеген. Пенсияга чыккандан кийин 2008-жылга чейин Мамлекеттик резиденцияда энергетика боюнча адис болуп эмгектенген.

Учурда Абдулхалик Гайсин Бишкек шаарынын Ленин райондук ардагерлер кеңешин жетектейт.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу