“Кыргызстан - туризм өлкөсү” аталыштагы форум өткөрүлдү

Новости
17-Май 2021-ж.
3202

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы “Рух-Ордо” маданий борборунда эл аралык Ысык-Көл (ITF-2021) туристтик көргөзмө-жарманке КРнын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Туризм Департаментинин, Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Ата-мекендик жана эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосунда курорттор ассоциациясы тарабынан уюштурулган.

Иш-чаранын башкы максаты - Кыргызстандын туризм дараметин алдыга жылдыруу, туризм жаатын калыбына келтирүү, этно жана экотуризм өлкөсү катары таанытууну улантуу жана андан ары өнүктүрүү болду. Жарманкеге КРнын президенти С. Жапаров, КР Министрлер Кабинетинин жетекчисинин орун басары У.Кармышаков, КР экономика жана финансы министринин орун басарлары С.Рысалиев, Э.Алишеров, чет элдик элчиликтердин өкүлдөрү, РФнын Башкортостан, Свердловск жана Челябинск облустарынын тийиштүү мамлекеттик органдарынан келген делегациялар, туристтик бизнес өкүлдөрү ж.б. тараптар катышышты. Ошону менен катар, өлкө башчы ITF-2021 эл аралык туристтик жарманкесин жана 2021-жылдын жайкы туристтик мезгилин расмий түрдө ачык-деп жарыялады.

“Мамлекеттин негизги максаты - туристтик индустриядагы ишканалардын жана уюмдардын иш алып баруусуна жагымдуу шарттарды түзүү. Аталган тармакта ишмердүүлүктү өнүктүрүүнү камсыз кыла турган заманбап мыйзамдарды жана ченемдик укуктук базаларды түзүп чыгуу, кооз жаратылышка бай болгон өлкөбүздү туристтер үчүн жагымдуу өлкөгө айландыруу болуп саналат”, - деп баса белгиледи Садыр Жапаров. Ошону менен бирге алдыда туризм тармагын алдыга жылдыруу боюнча аткарыла турган иш-аракеттер арбын. Белгилей кетчү нерсе, КР Министрлер Кабинетинин Нарын, Жалал-Абад, Чүй, Талас облустарынын, Бишкек шаарынын боз үйлөрү тигилип, ата мекендик продукциялары көрсөтүлдү. Ошону менен бирге көргөзмө менен катар “Кыргызстан - туризм өлкөсү” форуму уюштурулду, анын жүрүшүндө тараптар туризм тармагындагы сунуштарды жана маселелерди кеңири талкуулашты. XXI Эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси Ысык-Көл облусунда өткөрүлдү. Кыргызстан туризм чордону!


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу