Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри JICAнын туруктуу өкүлү менен жолукту

Новости
12-Май 2021-ж.
2656

2021-жылдын 12-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) туруктуу өкүлү Нэмото Наоюки мырза менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен JICAнын ортосундагы кызматташтыктын келечегин, ошондой эле Кыргыз Республикасында транспорт, саламаттыкты сактоо жана туризмди өнүктүрүү, анын ичинде адамдык ресурстарды өнүктүрүү жаатындагы кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Кар көчкүлөрүн азайтууга жана жол тармактарын сактоого мүмкүндүк берген “Бишкек-Ош автомобиль жолундагы кар күрткүлөрдөн коргоо” долбоорун ишке ашыруу боюнча Макулдашуу долбооруна кол коюуга, Кыргыз Республикасынын адамдык потенциалын чыңдоонун жана өнүктүрүүнүн ачкычы болгон Адамдык ресурстарды өнүктүрүү стипендиялык программасы (JDS) долбоору жөнүндө Макулдашуунун долбооруна байланыштуу маселелер көтөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташууну биргелешип өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу