Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти баштаган Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусу

Новости
12-Май 2021-ж.
2701

2021жылдын 11-майында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Экономика жана финансы министри Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Анна Бьерде баштаган Дүйнөлүк Банктын өкүлдөрү менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын калкын вакцинациялоого байланыштуу саламаттыкты сактоо тармагындагы долбоорлорду талкуулашты, аларды ишке ашырууда Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти. Өлкөдөгү регионалдык жол долбоорлоруна жана жеке секторду өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер көтөрүлдү.

Талкуунун маанилүү темаларынын бири “Энергетика тармагындагы тарифтерди” кайра карап чыгуу жана ушул теманы иштеп чыгуу сценарийлери болду.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдында азыркы учурда фискалдык мыйзамдардын ченемдери боюнча артыкчылыктуу милдеттер турат. Өз кезегинде Дүйнөлүк банк бул маселеге кызыкдар экендигин билдирип, бул багытта жардам берүү ниетин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу кызматташтыкты биргеликте өнүктүрүү тууралуу макулдашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу