“Санариптик ишкердиктеги аялдар: жаңы рыноктор - туруктуу өнүгүү үчүн жаңы социалдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр”

Новости
12-Май 2021-ж.
5211

2021-жылдын 12-майында Хаятт Ридженсиде “Санариптик ишкердиктеги аялдар: жаңы рыноктор - туруктуу өнүгүү үчүн жаңы социалдык жана экономикалык мүмкүнчүлүктөр” форуму өттү. Форумда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Ахматов Султан Маматович чыгып сүйлөдү.

С.Ахматов өз сөзүндө, бүгүнкү күндө аялдардын ишкердүүлүгү гезиттердин баш макалаларында гана эмес, мамлекет тарабынан кабыл алынган ишкер аялдарды колдоо программаларында дагы көп кездешип жаткандыгын белгиледи. Бүгүнкү күндө Кыргызстандагы ишкерлердин 30% аялдар түзөт.

Ишкер аялдар санариптик форматтагы жаңы рынокторду өздөштүргөндүгүн белгилөө кубанычтуу. Санариптик ишкердүүлүктү өнүктүрүүдө жакшы тенденция байкалууда, бүгүнкү күндө аялдар эркектерден кем калышпай, биздин мамлекетте гана эмес, интернет аркылуу коңшу мамлекеттерге да баруу үчүн жигердүү иштеп жатышат.

Санариптик ишкердүүлүктү өнүктүрүү максатында ушул жылдын апрель айынын башында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин сайтында, Кыргызстандын Электрондук Соода Ассоциациясы жана Wildberries ЖЧКсы менен бир катар жолугушуулар болуп өткөн. Тараптар макулдашууга жетишип, өз ара кызматташуунун төмөнкү багыттарын аныктаган Кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту:

- Кыргыз Республикасынын аймагында интернет-сооданы жайылтуу;

- Электрондук сооданы өнүктүрүүгө өз ара көмөк көрсөтүү;

- Кыргыз Республикасынын ишкерлерине www.wildberries.ru интернет сайты жана башка аймактар аркылуу товарларды түз сатуу мүмкүнчүлүгүн берүү.

С.Ахматов 2021-жылдын 20-апрелинен тартып Wildberries компаниясы кыргыз ишкерлерин Маркетплейс боюнча түз каттоодон тесттик режимде өткөрүп жаткандыгын айтты.

2021-жылдын май айынын ортолорунда кыргыз ишкерлерин маркетингде “түз” каттоону жүргүзмөкчү (Россия Федерациясында юридикалык жакты түзбөстөн).

Ошол эле учурда бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги тарабынан соода операцияларын ишке ашыруу үчүн “Амазон Групп” электрондук соода аянтчасында Кыргыз Республикасынын жарандарына түз каттоо мүмкүнчүлүгүн алууга багытталган тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Жыйынтыгында С.Ахматов Форумдун уюштуруучуларына жана катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, баарына чың ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле:

- Брайн Стиммлер - Америка Кошмо Штаттарынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары (онлайн);

- Асель Кубанычбекова  Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү фонду КБ жетекчиси;

- Алина Касенова - “Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү фонду” КБ башкармалыгынын мүчөсү куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.

Форумда санариптик ишкердүүлүк боюнча өткөн бизнес мектебинин жыйынтыгы боюнча сертификаттардын салтанаттуу тапшырылышы болуп өттү 

Маалымат катары:

Аялдар арасында ишкердикти өнүктүрүү фонду КБ АКШнын Кыргызстандагы Элчилигинин Демократиялык комиссиясынын чакан гранттар программасынын колдоосу менен Кыргызстандагы жаш аялдардын арасында санариптик ишкердикти өнүктүрүү долбоорун ишке ашырган. Долбоордун максаты - экономикалык көз карандысыздыкты кеңейтүү жана 80 жаш ички мигрант - аялдардын 18 жаштан 35 жашка чейинки ишкер мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу болуп саналат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу