“КР Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КР Өкмөтүнүн токтому кабыл алынды

Новости
10-Май 2021-ж.
2658

Министрлик КР Өкмөтүнүн “КР Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотуу бөлүгүн ишке ашыруунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынгандыгын маалымдайт.

Жобо Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ратификацияланган жана салыктардан, алымдардан жана башка төлөмдөрдөн бошотууну караган эл аралык келишимдерди жана башка келишимдерди жүзөгө ашыруунун тартибин аныктайт.

Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн бошотууну караган эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын ченемдик укуктук базасын өркүндөтүү жана аларды ишке ашыруу тартибин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жогоруда аталган токтому Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги тарабынан иштелип чыккан.

Ошентип, жогоруда аталган Жобонун 9-пунктуна ылайык, долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар жыл сайын 20-декабрга чейин салык жана бажы саясаты боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) долбоорлорду ишке ашырууга катышкан юридикалык жактардын тизмеси (тендерди уткан башкы подрядчиктер, субподрядчиктер, анын ичинде товарлардын, жумуштардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү), ошондой эле, кийин салык жана бажы органдарына жиберилүүгө тийиш болгон долбоордун колдонуу мөөнөтү жөнүндө маалымат;

2) эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын көчүрмөлөрү;

3) эл аралык келишимдердин жана башка макулдашуулардын колдонулушун тастыктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын көчүрмөлөрү;

4) коммерциялык документтердин көчүрмөлөрү (долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик орган менен долбоорлорду ишке ашырууга катышкан же аларды ишке ашырууну жүзөгө ашыруучу юридикалык жактардын ортосунда түзүлгөн келишимдер, мындай келишимдерге толуктоолор жана тиркемелер).

Долбоорлорду ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдар он жумушчу күндүн ичинде салык жана бажы саясатын жүзөгө ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга долбоордун аяктагандыгы жөнүндө маалымдайт.

Ушуга байланыштуу, эл аралык келишимдердин алкагында салыктарды, алымдарды жана башка төлөмдөрдү төлөөгө карата маселелер пайда болгон учурда, жогоруда көрсөтүлгөн Жобону жетекчиликке алууну өтүнөбүз.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу