Кыргыз Республикасы Вьетнамдын соода саясатынын саресебине катышты

Новости
07-Май 2021-ж.
2779

Кыргыз Республикасы 2021-жылдын 27-29-мартында ДСУнун (Дүйнөлүк Соода Уюмунун) штаб-квартирасында Вьетнамдын соода саясатынын үчүнчү саресебине катышты. Соода саясатына саресеп салуу механизми - ДСУнун бардык мүчө-өлкөлөрү тарабынан айрым өлкөлөрдүн соода саясатын жүргүзүү жана алар тарабынан ДСУнун эрежелерин, ченемдерин жана милдеттенмелерин аткаруу үчүн жамааттык мониторинг системасы.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин өкүлү Н.Максутов белгилегендей, 1992-жылдын 4-июнунда Кыргыз Республикасы менен Вьетнамдын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери эки мамлекет саясий жана экономикалык мамилелерди жүргүзүп, өнүктүрүп келе жатат.

Кыргыз Республикасынын өкүлү Дүйнөлүк Соода Уюмунун мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасы менен Вьетнам Республикасынын ортосунда өз ара пайдалуу соода жолго коюлгандыгын маалымдады. 2016-жылдан 2019-жылга чейинки товар жүгүртүүнүн динамикасы оң тенденцияны көрсөтүүдө. 2016-жылдан 2019-жылдын аягына чейин Кыргыз Республикасы менен Вьетнамдын ортосундагы эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен 2,5 эсеге өскөн (3,3 млн. АКШ долларынан 8,5 млн. АКШ долларына чейин, 259% га өскөн). 

Кыргыз Республикасы Вьетнамга негизинен, эт продукцияларын, фармацевтикте колдонулуучу кургак өсүмдүктөрдү экспорттойт. Өз кезегинде Вьетнам Кыргыз Республикасына негизинен уюлдук телефондор (42%), кийим-кече, резина бут кийим, балык азыктары жана башка товарларды экспорттойт” - Н.Максутов билдирди.

Андан соң Кыргыз Республикасынын өкүлү Кыргыз Республикасы Вьетнам менен мындан аркы жемиштүү экономикалык кызматташууга жана соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу