“БАРЭК 20-жылдыгынын алдында: санариптик трансформация аркылуу аймактык кызматташууну кайра ойлонуп чыгуу” темасында жогорку деңгээлде онлайн жыйын өттү

Новости
04-Май 2021-ж.
2192

2021-жылдын 4-майында КР Экономика жана финансы министринин орун басары С.Ахматов, Борбордук Азия региондук экономикалык кызматташуу программасынын (БАРЭК) улуттук координатору “БАРЭК 20-жылдыгынын алдында: санариптик трансформация аркылуу аймактык кызматташууну кайра ойлонуп чыгуу” темасындагы жогорку деңгээлдеги онлайн жыйынга катышты.

Жыл сайын өткөрүлүүчү Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) 54-жалпы жыйынынын алкагында өткөрүлгөн жолугушууда, БАРЭК өзүнүн 20 жылдык мааракесин регионалдык кызматташуунун алдыңкы платформасы катары белгиледи. Жыйында БАРЭКке мүчө өлкөлөрдүн расмий адамдарынын ортосунда келечекте БАРЭКтин программаларын жана алардын ишин бекемдөөгө арналган жогорку деңгээлдеги стратегиялык диалог болуп өттү.

Региондогу экономикалык кызматташтыкты бекемдөөдө санариптик трансформация жана технологиялардын ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Бул виртуалдык иш-чарага БАРЭКке мүчө 11 мамлекеттин министрлери жана жогорку кызмат адамдары, ошондой эле өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн:

БАРЭК программасы экономикалык өсүшкө жана жакырчылыкты кыскартууга жетишүү үчүн кызматташуу аркылуу өнүгүүнү илгерилетүү үчүн биргелешип иштеген 11 катышуучу мамлекеттин жана өнөктөштөрдүн өнөктөштүгү. БАРЭКке мүчө өлкөлөрдүн катарына Афганистан, Азербайжан, Кытай Эл Республикасы, Грузия, Казакстан, Кыргыз Республикасынын, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. Бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана шайкеш келтирүү аркылуу транспорт, энергетика, соода саясаты жана соодага көмөк көрсөтүү региондук кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттары болуп саналат. БАРЭК программасынын алкагында Кыргыз Республикасынан координациялоочу орган болуп КР экономика жана финансы министрлиги эсептелет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу