Журналисттер арасында конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууга 15 күн калды

Новости
04-Май 2021-ж.
3264

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги министрликтин карамагына кирген маселелер жана саясат чөйрөсүндөгү эң мыкты чагылдыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында конкурска катышуу үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууга 15 күн калгандыгын эскертет.

Конкурста 2021-жылдын 20-январынан 2021-жылдын 19-майына чейинки мезгилде жарыяланган (эфирге чыккан) материалдар кабыл алынат, анын жыйынтыгы 2021-жылдын 31-майынан кечиктирилбестен жарыяланат.

Конкурс эки тема боюнча бир этапта өткөрүлөт: инвестицияларды тартуу жана эл аралык финансы уюмдарынын каржылоого жеткиликтүүлүгү.

Конкурс төмөнкү номинацияларда өткөрүлөт:

  • ЖМК басма жана электрондук мыкты публикация;
  • ЖМК телекөрсөтүү жана радиодогу мыкты материал.

Ар бир номинацияда бир гана материал жана анын автору (авторлордун жамааты) жеңүүчү болот. Ошондой эле II жана III орундар аныкталат.

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө төмөнкү сыйлыктар каралган:

1-орун - Планшет;

2-орун - Букридер;

3-орун - Мобилдик телефон.

Материалдар эркин формада катышууга өтүнмө, берилген иштерге кыскача аннотация жана ЖМК жөнүндө маалымат (автор тууралуу), байланыш телефондору менен төмөнкү дарекке жөнөтүлөт e-mail: media.contest2021@gmail.com.

Сунушталган темалар жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы керек, конкурска катышуу жана конкурстун шарттары тиркемеде.

Конкурстун темалары (финал).docx

Конкурстун шарттары.docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу