Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жана КР вице-премьер-министри-Экономика жана финансы министри У.Кармышаков БТОИИБде дарыланууда жаткан Баткен облусундагы окуялардын жүрүшүндө жаракат алган жарандардын абалынан кабар алышты

Новости
02-Май 2021-ж.
2069

Бүгүн, 2-майда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов жана КР вице-премьер-министри-Экономика жана финансы министри У.Кармышаков учурда Бишкектеги травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунда (БТОИИБ) дарыланууда жаткан, Баткен облусундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесиндеги акыркы окуялардын жүрүшүндө жараат алган жана жабыркаган жарандардын абалынан кабар алышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат башчысы У.У.Марипов жана КР вице-премьер-министри-Экономика жана финансы министри У.Кармышаков Премьер-министр маектешүүдө жабыркаган жарандарга тез арада ден-соолуктары калыбына келүүсүн каалап, ал эми медициналык кызматкерлерден аларга карай аяр мамиле кылуусун өтүнүштү.

Учурда жабыркагандардын бардыгы дарыгерлердин көзөмөлүндө жана Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунда, Улуттук хирургия борборунда жана Улуттук госпиталда тиешелүү медициналык жардамдарды алышууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу