Кыргызстанда 1-2-май күндөрү улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Новости
01-Май 2021-ж.
2256

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, 2021-жылдын 1-2-май күндөрү Кыргыз Республикасында жалпы улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыяланды.

2021-жылдын 29-30-апрелинде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу жаңжалдын натыйжасында карапайым адамдар арасында дагы, аскер кызматкерлер арасында дагы көптөгөн курмандыктар жана жаракат алгандар болду. Куралдуу кагылышуу ошондой эле тургундарга жана юридикалык жактарга ири өлчөмдө мүлктүк зыян келтирди.

Курман болгондорго терең кайгыруу менен алардын жакындарына жана туугандарына көңүл айтуу менен төмөндөгүдөй токтом кылынат:

- 2021-жылдын 1 жана 2-май күндөрү Кыргыз Республикасында улуттук аза күтүү күндөрү деп жарыялансын;

- улуттук аза күтүү күндөрүндө өлкө боюнча, ошондой эле чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары түшүрүлсүн;

- улуттук аза күтүү күндөрүндө маданий мекемелерге жана телерадиокомпанияларга көңүл ачуучу программаларды өткөрбөө жана берүүлөрдү бербөө сунушталсын;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте курман болгондордун жана жабыркагандардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүү боюнча зарыл чараларды көрсүн.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу