Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри У. Кармышаков Евразия Өкмөттөр аралык кеңешинин Казань шаарында (Татарстан Республикасы) жыйындын алдында уюштурулган ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин экономика министрликтеринин башчыларынын жолугушуусуна катышты

Новости
29-Апрель 2021-ж.
1994

Жолугушуунун жүрүшүндө бирликтин алкагында интеграциялык кызматташтыктын негизги маселелери талкууланды. Министрлер биринчи кезекте, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрүнүн учурдагы экономикалык абалын жана Бирликтин экономикасынын кризистен кийинки туруктуу калыбына келтирүү траекториясына өтүүсү боюнча мындан аркы биргелешкен чараларды талкуулашты.

Ошондой эле, сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн 2025-жылга чейинки Стратегиялык багыттарын ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планынын “Экономикалык өнүгүүгө максаттуу жардам көрсөтүүнүн ийкемдүү механизмдерин иштеп чыгуунун” 6-багытын ишке ашыруу маселеси болду. Кыргыз Республикасынын демилгелеринин көпчүлүгү Стратегиянын ушул багытында, анын ичинде ЕАЭБдин өнүгүү институтунда чагылдырылган. Тараптар бул маселени талкуулоонун жүрүшүндө өз ара аракеттенүүнү камсыз кылуу максатында, стратегиялык пландоо үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу кызматкерлерден турган, макроэкономикалык саясат жаатындагы Стратегиялык багыттарды ишке ашыруу боюнча туруктуу координациялык кеңешти түзүүнүн максатка ылайыктуулугун белгилешти.

Жолугушуу Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2019-жылдын 1-февралындагы №2 “ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин экономика министрликтеринин башчыларынын кезектеги жолугушууларын өткөрүү жөнүндө" буйругуна ылайык өткөрүлдү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу