Кыргыз Республикасы соодадагы жөнгө салуучу жана жол-жоболук тоскоолдуктарды четтетүүгө умтулушу зарыл

Новости
28-Апрель 2021-ж.
2297

2021-жылдын 28-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана Ready4Trade соодадагы тоскоолдуктар тууралуу изилдөөнүн жыйынтыгы менен тааныштырылды. Изилдөө өлкөдөгү үч соода агымдарынын: Казакстанга сүт азыктарын экспорттоо, Европа союзуна буурчактарды экспорттоо, жаңы жашылча-жемиштерди Тажикстандан импорттоо жаатындагы соодадагы жөнгө салуучулук жана жол-жоболук тоскоолдуктарды табуу максатында жүргүзүлдү.

Соода агымдарынын маалыматтарына карата тоскоолдуктарды валидациялоо жана артыкчылык берүү үчүн 2021-жылдын февраль айында 50 ишкана, кызмат көрсөтүүчүлөрдүн, ошондой эле экспорттук-импорттук операцияларды жөнгө салууга жана контролдоого катышкан мамлекеттик органдардын арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. 2021-жылдын март айында сурамжылоонун натыйжалары чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү менен талкууланды, алар сурамжылоонун натыйжаларына көз карандысыз баа беришти.

Изилдөөгө ылайык, эл аралык сооданын төмөнкү тоскоолдуктар аныкталды: ташуу (респонденттердин 48%), каржылоо (респонденттердин 61%), бюрократтык бажы жол-жоболору (респонденттердин 52%).

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары Элдар Алишеров: “Жүргүзүлгөн талдоо биздин өлкө экспорттогон товарлардын эң артыкчылыктуу түрлөрүн камтыды. Бул талдоо мамлекеттик органдарга эң актуалдуу соода тоскоолдуктарына өзгөчө көңүл бурууга мүмкүндүк берет, бул өз кезегинде биздин экспорттук потенциалыбыздын өсүшүнө дагы, ошондой эле региондук сооданын өнүгүшүнө дагы оң таасирин тийгизет деп ишенимдүү айта алам”.

Европа Бирлигинин Кыргыз Республикасындагы долбоордук менеджери Косимо Ламберти: “ЕБ Кыргызстандын коңшулаш өлкөлөр жана Европа менен соодасын өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө. Биздин өзүбүздүн тарыхыбыз көрсөткөндөй, соода экономикага дем берүүчү, мамлекеттердин ортосундагы мамилелерди өркүндөтүүчү жана тынчтык менен туруктуулукту камсыз кылуучу күчтүү курал болуп саналат”.

Сооданы жеңилдетүү боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу Кыргыз Республикасынын экономикасына оң таасирин тийгизип, чек арадагы сооданын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт. Ready4Trade долбоору мамлекеттик органдарга чек арадагы жөнгө салуу процедураларынын ачыктыгын жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашырууда, ошондой эле соодадагы процесстик тоскоолдуктарды жоюуда. Долбоор ошондой эле бизнести эл аралык соода талаптарына жана стандарттарына жооп берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет жана ишкер аялдардын эл аралык соодага катышуусуна көмөктөшөт.

Кыргызстан Эл аралык соода борбору тарабынан Европа Бирлигинин каржылык колдоосу менен жалпы суммасы 15 миллион еврону түзгөн Ready4Trade долбоорунун беш бенефициар мамлекетинин бири болуп эсептелет.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу