Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги эки тараптуу инвестициялык макулдашуулардын маселелери боюнча виртуалдык тренингдерди өткөрөт

Новости
28-Апрель 2021-ж.
1948

2021-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы туристтик секторунун жана инвестициялардын өсүшү боюнча эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) долбоору “Эки тараптуу эл аралык инвестициялык макулдашууларды колдонуу жана иштеп чыгуу” темасында виртуалдык тренингдерди өткөрөт. IFC долбоору Швейцария тарабынан каржыланат.

Экономиканын жана ар кайсы өлкөлөрдүн ортосундагы эки тараптуу мамилелердин тез өнүгүшүнүн шартында, ар бир мамлекет үчүн приоритеттүү маселе - бул чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү инвесторлору үчүн ушундай шарттарды түзүүнүн кепилдиги.

Мамлекеттер ортосунда инвестициялык макулдашууларды түзүү аркылуу мындай шарттарга жетишүү мүмкүн.

Ошол эле учурда, Кыргыз Республикасы тарабынан эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында бир катар эки тараптуу эл аралык инвестициялык келишимдер (ЭИМ) түзүлүп, аларда каралган ыкмалар жаңы муундагы ЭИМ белгилүү деңгээлде айырмаланат. Бул экономикалык мамилелердин, технологиянын жана глобализациянын өнүгүшүндөгү тез өзгөрүүлөргө байланыштуу.

Ошентип, тренингдердин максаты Кыргыз Республикасынын жаңы эки тараптуу инвестициялык макулдашууларынын долбоорлорун, ошондой эле иштеп жаткан ЭИМ кайра карап чыгуу элементтерин кароодо жана илгерилетүүдө тиешелүү мамлекеттик органдардын потенциалын жогорулатуу болуп саналат. IFC долбоорунун эксперттери ийгиликтүү эл аралык тажрыйбаны эске алуу менен ЭИМ мазмуну жөнүндө сүйлөшүшөт, ошондой эле ЭИМ долбоорлорун баалоо критерийлерин колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүшөт.

Тренингдердин жыйынтыгы болуп, өлкөдөгү инвестициялык климатты мындан ары өркүндөтүү боюнча катышуучулардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу, ошондой эле катышуучулар тарабынан Кыргыз Республикасынын ЭИМ стандарттык критерийлерин түзүү принциптери боюнча иштелип чыккан конкреттүү сунуштар эсептелет.

Тренингдерге ЭИМ менен иштөөгө түздөн-түз катышкан тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу