Пресс-анонс. “Эл аралык соода үчүн негизги ченемдик жана жол-жоболук тоскоолдуктарды четтетүү” темасындагы тегерек стол

Новости
27-Апрель 2021-ж.
1915

2021-жылдын 28-апрелинде саат 15:00-17:00гө чейин “Эл аралык соода үчүн негизги ченемдик жана жол-жоболук тоскоолдуктарды четтетүү” темасында тегерек стол өтөт.

Аталган тегерек столдо мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасында сурамжылоонун жыйынтыктарын талкуулоо болот.

Долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен тыгыз консультацияда соода жүргүзүүдө жөнгө салуучу жана жол-жоболук тоскоолдуктарды табуу жана аларга артыкчылык берүү үчүн соода агымдары аныкталат, атап айтканда:

сүт азыктарын Казакстанга экспорттоо;

- төө буурчакты Европа Биримдигине экспорттоо;

- Тажикстандан жашылча жемиштерди импорттоо.

Бул демилге эл аралык соода ишкерлери туш болгон айрым ченемдик, техникалык жана процедуралык тоскоолдуктарды жоюуга багытталган.

Жакында боло турган Тегерек столдо аталган сурамжылоонун жыйынтыгы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн ортосунда талкууланат.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Данияр Иманалиевдин, Европа Бирлигинин, ошондой эле мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу