“Фергана өрөөнү үчүн мамлекеттик-жеке диалогду жана саясий сунуштарды өнүктүрүү” регионалдык конференциясы

Новости
26-Апрель 2021-ж.
2045

2021-жылдын 20-апрелинде “BOOST - Өзбекстанда жана Кыргызстанда башка бизнес жана уюмдар туруктуу иштейт” долбоорунун алкагында “Фергана өрөөнү үчүн мамлекеттик-жеке диалогду жана саясий сунуштарды өнүктүрүү” (Кыргызстан жана Өзбекстан) регионалдык конференциясы болуп өттү.

Германиянын Физико-техникалык бюросунун (PTB) “Кыргызстанда сапат инфраструктурасынын кызматтарын пайдаланууга көмөк көрсөтүү” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин адистери Ош ЦИСМ жана долбоордун Кыргыз Республикасындагы өкүлү конференцияга катышты.

Конференциянын максаты Фергана өрөөнүнүн экономикалык маселелерин региондогу ишкерлердин төмөнкү проблемаларына так басым жасоо менен биргелешип талкуулоо болуп саналат: финансыга, рынокко жеткиликтүүлүк, ишкердикти өнүктүрүү (стартаптар, ММСП). Экономикалык стратегияларды жана саясатты иштеп чыгуу менен, учурдагы проблемаларды чечүү жолдору, натыйжалуу экономикалык саясатты иштеп чыгуу үчүн ишканалардын жана бизнес-ассоциациялардын мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу, региондор, өкмөт жана жеке сектордун ортосунда диалог түзүү жана колдоо сунушталды.

Баткен, Ош, Жалал-Абад, Анжиян, Фергана жана Наманган облустарындагы бизнес ассоциациялар, компаниялар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн Фергана өрөөнүн Борбор Азиянын экономикалык борборуна айландыруу боюнча пикир алмашуу жана тажрыйба алмашуу үчүн аянтча түзүү зарылдыгы айтылды.

Конференциянын катышуучулары үчүн РТВнын өкүлү долбоордун иши, анын ичинде түштүк регионунда кургатылган жемиш бизнеси жана сапаттуу инфраструктура институттары менен жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө айтып берди.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын өкүлү техникалык жөнгө салуу, шайкештикти баалоо жана адал индустриясы жаатындагы мыйзамдар, ЕАЭБдин техникалык регламенттеринин талаптары жөнүндө маалымат берди.

5-компоненттин алкагында: “Сапат инфраструктурасынын жана жеке сектордун өз ара аракеттенүүсү” РТВ долбоорунун алкагында Экономика жана финансы министрлигинин, регионалдык ЦИСМдин адистери Ош жана Жалал-Абад облустарынын кургатылган жемиштер боюнча бир катар ишканаларына барышты. Ишканаларга болгон иш сапарлардын жыйынтыгында кургатылган мөмө-жемиштердин коопсуздугу жана шайкештикти баалоо жаатындагы мыйзамдар, алардын маркалануусу жана таңгакталышы, өндүрүштү контролдоо максатында тестирлөө ыкмаларын тандоо жана орнотуу боюнча жаңыланган маалыматтын бизнес муктаждыктары аныкталды.

Маалыматтык ресурстарга шилтемелер берилди, анда стандарттар жана техникалык регламенттер боюнча жаңыланган маалыматтар жайгаштырылган, тамак-аш азыктарын сыноо боюнча кызматтарды көрсөтүү, шайкештик декларацияларын каттоо, өлчөө каражаттарын текшерүү / калибрлөө ж.б.

Кургатылган жемиштерди маркалоо жана таңгактоо маселелери боюнча консультация жүргүзүлүп, өндүрүштүк контролду жүргүзүүнү өркүндөтүү боюнча сунуштар берилди, ишканалар менен мындан ары өз ара аракеттенүү боюнча сунуштар даярдалды.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу