2021-жылдын 22-апрелинде КР ЭФМ “Инвестицияларды жана инвестициялык иштин субъекттерин коргоо жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын, “Инвестициялар жөнүндө” КР кодексинин жана КР Салык кодексинин долбоорунун, ошондой эле 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча Стратегиянын концепциялары сунушталган кеңешме өткөрүлдү

Новости
22-Апрель 2021-ж.
3146

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2021-жылдын 29-январындагы №3 “Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө” Жарлыгын аткарууга алып, 2021-жылдын 22-апрелинде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин имаратында мамлекеттик органдарынын, бизнес-коомчулуктун, ошондой эле ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусунда кеңешме болуп өттү, анда инвесторлорду жана ишкердиктин субъекттерин көзөмөлдөөчү, фискалдык жана укук коргоо органдарынын негизсиз кийлигишүүсүнөн коргоо максатында мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулады (“Инвестицияларды жана инвестициялык иштин субъекттерин коргоо жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын концепциясы), Кыргыз Республикасынын “Инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын кодекси жана Салык кодексинин долбоорунун концепциясы).

Кеңешмеде Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин башкармалыктарынын начальниктери Н.Байбосунов жана К.Ысабеков жана КРӨгө караштуу Бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин эксперти А.Акенеев чыгып сүйлөштү. “Инвестицияларды жана инвестициялык иштин субъекттерин коргоо жөнүндө” КР Конституциялык Мыйзамынын, “Инвестициялар жөнүндө” КР кодексинин жана КР Салык кодексинин долбоорунун, ошондой эле 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча Стратегиянын концепциялары сунушталды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Иманалиев катышуучулар менен саламдашып, ыраазычылыгын билдирди жана инвесторлорду жана чарбалык субъектилерди коргоо максатында иштелип чыгууга пландаштырылган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу боюнча министрликтин пландары жөнүндө кыскача айтып берди. Бизнес - коомчулук менен ассоциациялардын өкүлдөрү тарабынан ушул мыйзам долбоорлорун даярдоодо мындан аркы иштер үчүн терең талкууланган жана эске алынган маселелердин тизмеси көтөрүлдү.

Ошондой эле, 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу боюнча Стратегиянын иштелип чыккан долбоору талкууланды. Стратегиянын негизи болуп экономиканын өсүүсүнүн башкы фактору катары инвестицияларды тартуу түшүнүгү эсептелет. Бул документ Кыргыз Республикасын 2018-2040-жылдарга өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясын толуктайт. Кыргыз Республикасынын Улуттук Өнүктүрүү Стратегиясынын негизги милдеттеринин бири - коопсуздуктун жогорулаган кепилдиктерин, режимдин туруктуулугун, жөнгө салуунун жеңилдигин жана мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин пайдалануу менен өнүгүүнү камсыз кылуу үчүн түз инвестицияларды тартуу. Жалпы инвестиция ИДПнын 25-30 пайызын түзүшү керек. 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасына инвестицияларды тартуу Стратегиясынын долбоорунда инвестициялык мыйзамдардын статусун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин алдындагы Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин ролун күчөтүү, каржы рыногун либералдаштыруу ж.б.чаралар сунушталат.

Жакынкы жылдарга инвестицияларды тартуу стратегиясында ИТБ агымын көбөйтүү жана жагымдуу инвестициялык климатты түзүү үчүн сунуш кылынган чаралардын тизмесин камтыйт:

- инвестициялык мыйзамдарды өркүндөтүү;

- инвесторлорду тартуу, коштоо жана колдоо боюнча институттук механизмдерди өркүндөтүү;

- стратегиялык (якорный) инвесторлорду тартуу;

- эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү;

- менчиктештирүүгө чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу;

- инвестициялык талаштарды чечүү механизмин өркүндөтүү жана инвесторлордун укуктарын коргоо деңгээлин жогорулатуу;

- артыкчылыктуу тармактарга инвестицияларды тартуу;

- инфраструктураны өнүктүрүү;

- жана инвестицияларды тартуу боюнча башка чаралар.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Иманалиев бизнес коомчулугу жана ассоциациялардын өкүлдөрүнүн сунуштарын укту. Кыргызстандын жарандары инфраструктураны өнүктүрүү, сапаттуу кызматтарды көрсөтүү, жаңы жумуш орундарын татыктуу эмгек акы менен камсыз кылуу, жашоо деңгээлин жана сапатын жогорулатуу боюнча инвесторлор ишке ашырган долбоорлорду көрүп, пайдаланышы керек. Ал катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, министрликтин диалог үчүн ачык экендигин белгилеп, мыйзам долбоорлору боюнча сунуштарын жана сын-пикирлерин айтты, ошондой эле жумушчу топторго түздөн-түз катышууну өтүндү.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу