КРнын ЭФМ өсүмдүк майы менен кумшекердин запасын толтуруу максатында 318,4 миллион сом бөлдү

Новости
31-Март 2021-ж.
2395

“Кыргыз Республикасынын 2021-жылга республикалык бюджети жана 2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна (мындан ары - ММРФ) 290,3 млн. сом бөлүндү, анын ичинде “Азык-түлүк программасы” функциясына 220,0 млн. сом каралды. Бул каражаттар мамлекеттик материалдык резервди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашырууга жумшалат.

Азыркы учурда, Республиканын базарларында интервенция жүргүзүү жана базар бааларын турукташтыруу максатында ММРФнын алдында азык-түлүктүн номенклатуралык запасын толуктоо милдети турат. Ал үчүн Экономика жана финансы министрлиги 318,4 миллион сом бөлдү.

Ошондой эле, социалдык мааниге ээ азык-түлүккө баанын өсүшүн ооздуктоо боюнча чараларды көрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Рынок ассоциациясынын, тейлөө чөйрөсүндөгү ишканалардын өкүлдөрүнүн, “Фрунзе”, “Глобус”, “Народный”, “Шекер” дүң сатуу борборунун, Кыргыз Республикасынын жеткирүүчүлөр ассоциациясынын (өндүрүүчүлөр жана дистрибьюторлор) ж.б. катышуусунда бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында социалдык маанидеги товарларга болгон бааларды кармап туруу боюнча (“Народный”, “Глобус” жана жергиликтүү соода тармактары, “Партнер Кей Жи”, “Фрунзе”) макулдашылды. Келишим 2021-жылдын 9-мартында күчүнө кирген жана 2021-жылдын 1-июнуна чейин күчүндө болот.

Макулдашууга катышкан тараптар калк тарабынан туруктуу баада азык-түлүк товарларын сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аракеттерди жана чараларды көрүүгө милдеттенишет.

Келишимдин предмети - азык-түлүктүн 4 түрүнө бааны кармап туруу боюнча чараларды көрүү:

- күн карама майы (премиум сегментсиз)

- 1-сорттогу ун

- кумшекер (салмагы боюнча)

- 1-сорттогу ундан жасалган калыпка салынган нан.

Жеткирүүчүлөр келишимге кол коюлган күнгө карата түзүлгөн келишимди же келишимдин күчүндө турган мезгилде, ар бир соода уюму менен, товардын сатуу баасын кеклишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн өлчөмдө түзүүгө жана белгиленген убакка чейин бааларды көтөрбөөгө милдеттенишет.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги келишимге кол койгон ишкерлерге көрсөткөн социалдык жоопкерчилиги үчүн ыраазычылык билдирет.

Келишим бизнес коомчулугунун башка өкүлдөрү үчүн да ачык. 

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу