Сатып алуулар боюнча адистер мамлекеттик сатып алуулар электрондук системасынын порталында консультациялык кызмат көрсөтүүлөр модулу менен иштөөгө окутулду

Новости
26-Март 2021-ж.
2036

2021-жылдын 26-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин окуу борборунда мамлекеттик мекеме-уюмдардын сатып алуулар боюнча 38 кызматкерине консультациялык кызмат көрсөтүү модулунун иштөөсү жана анын техникалык мүмкүнчүлүктөрү окутулду жана демонстрацияланды (28 - офлайн, 10 - онлайн катышуучу болду).

Ошону менен бирге сатып алуучу уюмдар консультациялык кызмат көрсөтүү модулун колдонуп кетиши үчүн консультациялык кызмат көрсөтүүнү сатып алуу жол-жоболоруна катышууга кызыккандарга окуу курсун өткөрүү максатында Окуу борборунда тренерлерди окутуп-даярдоо дагы уюштурулду. 

Маалымат үчүн: “Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды жогорулатуу” экинчи долбоорун ишке ашыруунун алкагында электрондук түрдө мамлекеттен каржыланган “Мамлекеттик финансыны башкаруунун потенциалын өнүктүрүү” сатып алуу порталында иштелип чыгып жана киргизилген консультациялык кызматтар модулун колдонуу менен “Электрондук мамлекеттик сатып алууну көбөйтүү” индикаторуна жетишүү каралган.

2018-жылдын июнь айында жактырылган “Мамлекеттик финансыны башкаруунун потенциалын өнүктүрүү” экинчи долбоору Швейцария Өкмөтү жана Европа Комиссиясынан гранттык негизде каржыланган көп тараптуу донордук трасттык фонддун алкагында ишке ашырылат. Көп тараптуу донордук трасттык фонду Дүйнөлүк Банк тарабынан башкарылат. 



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу