2021-жылдын 25-мартында “Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү” экинчи долбоорунун кеңешинин жыйыны болуп өттү

Новости
25-Март 2021-ж.
2009

2021-жылдын 25-мартында “Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү” экинчи долбоорунун кеңешинин жыйыны болуп өттү, анда 2020-жылы жетишилген натыйжалар жана 2021-жылга жана 2022-жылдын январь-февралына карата ишке ашыруу планы каралды.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги долбоордун бардык пландаштырылган иш-чараларын натыйжалуу ишке ашыруу үчүн бардык зарыл болгон чаралар көрүлүп жаткандыгын белгиледи. Ошондой эле, министрлик өнөктөштөргө мамлекеттик финансы жаатындагы реформаларды активдүү илгерилетүүнү улантуу ниети жөнүндө маалымдады.

Кеңештин жыйынынын жыйынтыгында 2021-жылдын май айынын аягында долбоор боюнча жетишилген натыйжаларды талкуулоо үчүн Кеңештин кезектеги жыйынын уюштуруу чечими кабыл алынды.

Маалымат үчүн: “Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү” экинчи долбоорунун кеңеши мамлекеттик органдар менен өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн ортосундагы координацияны камсыздоо, ошондой эле долбоордун стратегиялык багытын көрүү үчүн түзүлгөн коллегиалдуу орган болуп саналат.

2018-жылдын июнь айында жактырылган “Мамлекеттик финансыны башкаруу жаатындагы потенциалды өнүктүрүү” экинчи долбоору көп тараптуу донордук трасттык фонддун алкагында Швейцария Өкмөтү менен Европа Комиссиясынын гранттык негизде салымдарынын эсебинен ишке ашырылууда.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу