КР ЭФМ иш-чарасына 250гө жакын студенттер катышты

Новости
24-Март 2021-ж.
2606

2021-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Улуттук банк жана ЭКӨУ эл аралык финансылык билим берүү тармагынын демилгеси боюнча уюштурулган Глобалдуу акча жумалыгынын (Global Money Week) алкагында ачык эшик күнү өттү. Иш-чарага КРСУ, КЭУ, Адам Университети, МУК, КМТУ университеттеринин ошондой эле, Zoom платформасы аркылуу ОшМУ, ЖАМУ, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин, ЫМУ, НМУ, ТМУ, БМУ ж.б. финансы-экономикалык факультеттеринин студенттери катышты.

Министрдин орун басары А.Ө.Шаршеев чыгып сүйлөдү: “Биздин келечектеги кесиптештерибиз, финансы адистери үчүн министрликтин эшиги ар дайым ачык, биз сиздерге Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү, аларга жүктөлгөн функциялары жана милдеттери менен  функциялары жана милдеттери менен таанышууга мүмкүнчүлүк беребиз”. 

Ошондой эле ал өткөн 2020-жыл “Россия Федерациясынын жана Кыргыз Республикасынын кайчылаш жылы” деп жарыялангандыгын белгиледи.

“Экономиканын жогорку мектеби” Улуттук изилдөө университетинин жетекчилигинежетекчилигине жана жалпы жамаатына терең урматтоомду билдирем, дүйнөдөгү мыкты 100 университеттин катарына киргениңиздерге кубанычтамын. Россия Федерациясы мыйзамдуу түрдө алдыңкы өлкө, анын тажрыйбасы постсоветтик мейкиндиктеги жаңы рынок шарттарына ылайыкташтырылган жана Кыргызстан үчүн биз үчүн кызыктуу болгон чөйрөдө көбүрөөк колдонулат.

Биз “кайчылаш-жылдар” менен гана чектелбейбиз деп ойлойм, мындан ары да биздин жемиштүү кызматташтыкты өнүктүрөбүз!” - деди А.Шаршеев.

Өз кезегинде КР Экономика жана финансы министрлигинин Окуу борборунун ишмердүүлүгү тууралуу директор Э.Д.Турдумамбетова айтып берди:

“Биздин борбордо 40 миңдей студент окуудан өтүштү. Биз мамлекеттик кызматкерлер, студенттер, активдүү жарандар үчүн актуалдуу жана талап кылынган курстарды өткөрүп турабыз. Биздин сертификаттар биздин гана өлкөдө эмес, башка өлкөлөрдө да жарактуу. Азыркы учурда адистердин мобилдүүлүгү жана ар тараптуулугу маанилүү, сиздер баарлашуу көндүмдөрүнө ээ болуп, өзгөрүлүп жаткан дүйнөгө тез көнүп кетишиңиз керек”.

Казыналык жол-жоболорду талдоо жана методология бөлүмүнүн башчысы Роза Турдумамбетова студенттерге казына системасын өркүндөтүү жөнүндө айтып берди. “Мен Финансы министрлигинде 40 жылдан ашуун убакыттан бери иштеп келе жатам жана бул дубалдар мен үчүн ыйык. Ушул дубалдарда жана ушул кеңселерде финансы, кредит, салык жана бюджеттик системалардын өнүгүшүнө эбегейсиз салым кошкон улуу адамдар иштешти. Ошондуктан, бул иш-чарага катышуу силер үчүн чоң сыймык деп эсептейм. Биз өз ишибизге эң алдыңкы технологияларды киргизип жатабыз”, - деп студенттерге кайрылды. Андан кийин ал Казыналыктын ишинин теориялык бөлүгү менен тааныштырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө Экономика жогорку мектебинин (РФ Пермь шаары,) бөлүм башчылары Дмиртий Кашин жана Никита Клюев сөз сүйлөштү. Алар катышуучуларга экономика тармагындагы студенттерге жеткиликтүү болгон кесиптик багыттар жөнүндө айтып беришти.

Өз кезегинде КР ЭФМ кадрлар бөлүмүнүн башкы адиси Табалдиева Жыпара Тойчубековна студенттерге мамлекеттик кызматка кантип келүү, кандай талаптар коюлуп жаткандыгын, сынактын этаптары, улуттук жана ички кадрдык резерв жөнүндө маалымат берди.

Студенттер Экономика жана финансы министрлигиндеги стажировкага, министрликтин ишине жана министрликтин ичиндеги реформаларга абдан кызыгышты. Бардык катышуучулар суроолоруна жооп алышты.

Белгилей кетсек, иш-чарада өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу бардык санитардык нормалар сакталды. 100гө жакын студенттер чоң залга жайгашып, калган студенттер онлайн режиминде катышышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу