КР ЖОЖдорунун финансы-экономикалык факультетинин студенттери үчүн “КР ЭФМ ачык эшик күнү”

Новости
19-Март 2021-ж.
2483

КР Экономика жана финансы министрлиги көп жылдардан бери Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жана ЭКӨУ эл аралык каржылык билим берүү тармагынын демилгеси менен уюштурулган Глобалдуу акча жумалыгына (Global Money Week) активдүү катышып келет.

2021-жылдын 24-марттында саат 14: 00дөн 15: 30га чейин Окуу борбору менен Экономика жогорку мектеби (РФ) биргеликте, Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун финансы-экономикалык факультеттеринин студенттери үчүн “Россия Федерациясы менен Кыргыз Республикасынын кайчылаш жылын” улантуунун алкагында (эпидемиологиялык кырдаалга жараша, бардык санитардык стандарттарга жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин талаптарына ылайык), “КРнын ЭФМнин ачык эшик күнү”темасында иш-чара пландаштырылган.

Иш-чара КОСУ, КЭУ, Адам Университети, МУК, КМТУ университеттеринин студенттери үчүн оффлайн режиминде өткөрүлөт. Дареги: Бишкек шаары, Эркиндик буль. 58, 3-кабат, чоң жыйындар залы.

Ошондой эле, иш-чарада ОшМУ, ЖАМУ, К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин, ЫМУ, НМУ, ТМУ, БМУ ж.б.студенттери үчүн Zoom платформасы аркылуу онлайн катышуу каралган.

Ачык эшик күнүнүн негизги максаты - келечектеги финансы адистерин Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин, анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн иши, аларга жүктөлгөн функциялары жана милдеттери менен тааныштыруу.

Бишкек ш. студенттери өздөрү менен студенттик билетин, ошондой эле жеке коргонуу каражаттарын (медициналык маска жана спрей/кол үчүн антисептик) алып жана дресс-кодду сактоосу зарыл.

Иш-чаранын программасы:

Убактысы

Иш-чара

Спикерлер

13:45 - 14:00

Катышуучуларды каттоо

Бишкек шаары, Эркиндик буль. 58, 3-кабат, чоң жыйындар залы

14:00 - 14:10

Саламдашуу, таанышуу сөзү

КРнын ЭФМнин Статс-катчысы -Шамшиев Абдухалык Абдулхаевич

14:10 - 14:25

КР ЭФМнин Окуу борборунун иши

Экономика илимдеринин кандидаты, доцент, Турдумамбетова Эрке Дөөлөтбековна, КР ЭФМнин Окуу борборунун директору

14:25 - 14:40

Казына системасын өркүндөтүү

КР ЭФМнин Борбордук казыналыгынын казыналык жол-жоболорду талдоо жана методолгоия бөлүмүнүн башчысы - Чоколова Роза Турдумамбетовна

14:40 - 15:10

Lifelong learning: Экономика факультетинин бүтүрүүчүлөрү үчүн кандай кесиптик жолдор бар?

Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн башчысы, Дмитрий Кашин. УИУ, ЭЖМ Пермь (РФ)

Никита Клюев, Улуттук изилдөө университетинин Маркетинг жана коммуникация бөлүмүнүн башчысы, Пермь, Экономика жогорку мектеби

15:10 - 15:25

КРЭФМнин иши жана мамлекеттик кызматка киришүү жөнүндө маалымат

КР ЭФМнин Кадрлар бөлүмүнүн башчысы - Омурова Айгүл Абдарановна 

15:25 - 15:40

Суроо-жооптор, талкуулар

КР ЭФМнин кызматкерлери, студенттер



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу