Улукбек Кармышаков Канокпан Лао Арайа менен жолукту

Новости
17-Март 2021-ж.
2104

2021-жылдын 17-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Вице-премьер-министр-Экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаков Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жаңы дайындалган директору Канокпан Лао Арая айым менен жолукту.

Жолугушууда тараптар Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы учурдагы жана келечектеги кызматташтык маселелерин, атап айтканда бюджеттик колдоо программалары, АӨБдүн инвестициялык долбоорлорун ишке ашыруу маселелери, ошондой эле Кыргыз Республикасында АӨБ портфелинин серебинин жыйынтыктары жөнүндө талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз ара пайдалуу кызматташууну улантуу тууралуу макулдашышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу