Республикалык жана жергиликтүү ЖМКнын журналисттеринин арасында конкурска катышууга өтүнмө берүүнүн мөөнөтүн узартуу жөнүндө жарыя

Новости
16-Март 2021-ж.
2320

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги министрликтин карамагына кирген маселелер жана саясат чөйрөсүндөгү эң мыкты чагылдыруу үчүн республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында конкурска катышууга өтүнмө берүү мөөнөтүн узартуу тууралуу жарыялайт.

Конкурста 2021-жылдын 20-январынан 2021-жылдын 19-майына чейинки мезгилде жарыяланган (эфирге чыккан) материалдар кабыл алынат, анын жыйынтыгы 2021-жылдын 31-майынан кечиктирилбестен жарыяланат.

Конкурс эки тема боюнча бир этапта өткөрүлөт: инвестицияларды тартуу жана эл аралык финансы уюмдарынын каржылоого жеткиликтүүлүгү.

Конкурс төмөнкү номинацияларда өткөрүлөт:

  • ЖМК басма жана электрондук мыкты публикация;
  • ЖМК телекөрсөтүү жана радиодогу мыкты материал.

Ар бир номинацияда бир гана материал жана анын автору (авторлордун жамааты) жеңүүчү болот. Ошондой эле II жана III орундар аныкталат.

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө төмөнкү сыйлыктар каралган:

1-орун - Планшет;

2-орун - Букридер;

3-орун - Мобилдик телефон.

Материалдар эркин формада катышууга өтүнмө, берилген иштерге кыскача аннотация жана ЖМК жөнүндө маалымат (автор тууралуу), байланыш телефондору менен төмөнкү дарекке жөнөтүлөт e-mail: media.contest2021@gmail.com 

Сунушталган темалар жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы керек, конкурстун темалары жана конкурстун шарттары тиркемеде.

Конкурстун шарттары.docx

Конкурстун темалары (final).docx



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу