Вице-премьер- министр Улукбек Кармышаков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы (ТМКК) Багдад Амреев менен жолукту

Новости
15-Март 2021-ж.
2247

2021-жылдын 15-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри-Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы (ТМКК) Багдад Амреев менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Кармышаков Амреев мырзага учурдагы интеграциялык бирикмелердин жана эки тараптуу мамилелердин алкагында коңшу мамлекеттер менен өз ара мамилелерди өнүктүрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн көрүлүп жаткан чаралары жөнүндө кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде, Амреев мырза ТМККнын учурдагы иши жана Кеңешти өнүктүрүү боюнча пландаштырылган кадамдар жөнүндө маалымат берди. Атап айтканда, Амреев мырза жакынкы келечекте ТМКК Инвестициялык Фондусун түзүү боюнча уюштуруу маселелерин чечүү жөнүндө - бул чечимди Кеңешке мүчө өлкөлөр, анын ичинде Кыргыз Республикасы да колдоп бергендиги жөнүндө маалымдады. Мындан тышкары, Амреев мырза Кыргыз Республикасынын ТМКК Инвестициялык Фондунун Башкы кеңсесин Бишкекте жайгаштыруу сунушун алдын ала колдоду. Тараптардын пикирлери боюнча Бишкек шаарында ТМКК Инвестициялык фондунун Штаб-квартирасынын жайгашуусу Кыргыз Республикасындагы инвестициялык климатты жакшыртууга олуттуу түрткү берет.

Андан тышкары Амреев мырза соода аймактарын кеңейтүү пландарын камтыган ТМКК - 2040 өнүгүү стратегиясынын учурдагы өнүгүшү жөнүндө маалымдады.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу