2021-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Иманалиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода өкүлү В.Латыпов менен жолугушту

Новости
11-Март 2021-ж.
2172

Бүгүн, 2021-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Иманалиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Соода өкүлү В.Латыпов менен жолугушту

Тараптар кыргыз-россия мамилелеринин жогорку деңгээлин жана алардын андан ары өнүгүү тенденциясын канааттануу менен белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө 2021-жылдын февралында болуп өткөн биздин өлкөлөрдүн президенттеринин жолугушуусунда жетишилген макулдашуулар, эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун актуалдуу маселелери жана келечеги талкууланды.

В.Латыпов Соода өкүлчүлүгүнүн алдында турган негизги милдеттер, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык Кыргыз-Россия комиссиясынын чечимдерин аткаруунун жүрүшү, биздин мамлекеттердин аймагында өз ишин жүргүзгөн ишкерлердин кызыкчылыктарын жана укуктарын коргоо жөнүндө маалымат берди. 

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында келечектүү инвестициялык долбоорлорду, анын ичинде темир жолдорду, альтернативдик тоннелди, калыбына келүүчү жана альтернативдүү энергия булактарын курууну камтыган долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Д.Иманалиев кант, өсүмдүк майы, дан эгиндерин базарды социалдык мааниге ээ товарлар менен камсыздоо жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди жана белгиленген товарларды россиялык өндүрүүчүлөрдүн баалары боюнча түз жеткирүүнү жүзөгө ашырууну колдоо мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну суранды.

Андан тышкары Д.Иманалиев Кыргыз Республикасына мунай заттарынын пландаштырылган көлөмдөрүн өз убагында жеткирүүгө кол коюлган индикативдик баланска ылайык көмөк көрсөтүү жөнүндө өтүнүчтү билдирди.

Сүйлошүүлөрдүн жүрүшүндөгү эки өлкө ортосунда товар жүгүртүү көлөмүн жогорулатуу жана 2021-2022-жылдарга инвестициялык долбоорлордун тизмесин конкреттештирүү боюнча иш-аракеттер планына өзгөчө көңүл бурулду.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу