КР Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Иманалиев Бизнес-омбудсмен Робин Орд-Смит менен жолукту

Новости
11-Март 2021-ж.
3329

2021-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде КР Экономика жана финансы министринин биринчи орун басары Д.Иманалиев ишкердик субъекттердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу адам - Кыргыз Республикасынын Бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Бизнес-омбудсмендин ишинин, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүсү, ошондой эле ишкердикти өнүктүрүү чөйрөсүндөгү актуалдуу маселелери талкууланды.

Министрдин биринчи орун басары Д.Иманалиев учурда Өкмөт бизнес-ассоциациялардын ролун күчөтүү жана чечимдерди кабыл алуу процесстерине бизнести тартуу деңгээлин жогорулатуу боюнча жигердүү иш алып барып жаткандыгын билдирди.

Д.Иманалиев бизнес-коомчулук менен ачык баарлашууну жөнгө салуунун маанилүүлүгүн, өзгөчө экономикада системалык реформаларды жүргүзүү мезгилин баса белгиледи.

Ошону менен бирге мамлекет тарабынан ишкердик чөйрөнү жакшыртуунун көрүлүп жаткан чаралары белгиленди, алардын алкагында Кыргыз Республикасынын Президентинин Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө Жарлыгы, ошондой эле ишкердикти колдоого жана өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн пландалган артыкчылыктуу багыттарынын жана чараларынын планы кабыл алынган. 

Бизнес-омбудсмен жана анын орун басарлары тарабынан Бизнес-омбудсмен институтунун иш процессиндеги, атап айтканда мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө негизги көйгөйлүү факторлорду, ошондой эле аларды жоюу боюнча сунуштар айтылды. 

Жолугушуунун катышуучулары ишкерлерди коргоо жана өлкөнүн бардык аймактарында ишкердикти кеңейтүү боюнча Бизнес-омбудсмен институтунун ролун күчөтүү, ошондой эле ишкердик чөйрөнү жана өз ара кызматташууну жакшыртуу боюнча мындан аркы кадамдар жана чаралар тууралуу пикир алмашышты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу