Бүгүн кыргыз-өзбек бизнес-форумунун расмий бөлүгүндө тараптар экономиканын бардык артыкчылыктуу тармактарында өз ара пайдалуу мындан аркы кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты жана бир катар инвестициялык жана соода контракттарына кол коюшту

Новости
11-Март 2021-ж.
2287

Бүгүн, кыргыз-өзбек бизнес-форумунун расмий бөлүгүндө тараптар инвестициялык абал жана соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүүгө ыңгайлуу шарттар жөнүндө маалымат беришти.

Жолугушуунун жүрушүндө Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министр - Экономика жана финансы минстри Улукбек Кармышаков Өзбекстан Республикасы менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүү маселелери боюнча сөз сүйлөп, катышуучулардын көңүлүн эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташуунун келечектүү багыттарына бурду.

Ошол эле учурда, аталган иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын айыл чарба, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук, жеңил жана тамак-аш өнөр жайы жаатындагы мамлекеттик органдарынын, ошондой эле фармацевтика тармагын өнүктүрүү боюнча өкүлдөр тиешелүү докладдарды жасашты. 

Бизнес форумга Өзбекстандын өнөр жай, курулуш, айыл чарба, туризм жаатындагы алдыңкы ишканалары жана Кыргызстандын айыл чарба, оор, жеңил, тамак-аш өнөр жайы, тоо-кен, маалымат технологиялары, курулуш, каржы, туризм ж.б. катышты.

Белгилей кетсек, Бизнес-форумдун жүрүшүндө Тараптар экономиканын бардык артыкчылыктуу тармактарындагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүүгө багытталган жалпы суммасы 127,6 миллион АКШ долларын түзгөн бир катар инвестициялык жана соода келишимдерине кол коюшту.

Эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы кызматташтыкты андан ары жөнгө салуу максатында В2Б форматында жолугушуу өткөрүлдү.

Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында (2021-ж. 11-12-март)  Өзбекстан Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы өнөр жай кооперациясы чөйрөсүндөгү кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Жол картасына кол коюу пландаштырылууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу