КР Вице-премьер-министри Улукбек Кармышаков “Бишкек штамптоо заводуна” барды

Новости
10-Март 2021-ж.
1980

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Марипов КР Вице-премьер-министри Улукбек Кармышаков менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Бишкек штамптоо заводу мамлекеттик ишканасынын иши менен таанышып чыкты.

Ошондой эле кыдыруу учурунда ишкананын жетекчилиги жана жумушчулары менен жолугушуп, өндүрүш цехтерин, аскердик, ошондой эле спорттук-аңчылык багыттагы өндүрүмдөрдү чыгарууга арналган жабдуулардын абалын көрүштү. 

Өкмөт башчы мамлекет үчүн коргоо-өнөр жай ишканаларынын маанилүүлүгүн белгилеп, заводду калыбына келтирүү иштерин күчөтүү зарылдыгын кошумчалады. 

“Завод 500гө жакын адамды жумуш орду менен камсыздайт, өнөр жай дарамети толук ишке ашырылган эмес. Бирок завод иштеп жатканы кубандырат. Квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу, каржылык мүнөздөгү белгилүү бир маселелер бар, бирок натыйжалуу башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу жана заманбап мамиле кылуу менен заводду кайра калыбына келтирүүгө болот”, - деди Улукбек Марипов.

Өкмөт башчы белгилегендей, 2021-жылдын 5-октябрынан 8-октябрына чейин Бишкек шаарында “Defindex-2021” Биринчи эл аралык аскердик-өнөр жай көргөзмөсү өтөт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу