Бүгүн, 2021-жылдын 11-мартында кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп жатат

Новости
11-Март 2021-ж.
2405

Бүгүн, 2021-жылдын 11-мартында Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри Кармышаков Улукбек Тойчуевичтин жана Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары - Инвестициялар жана тышкы соода министри Умурзаков Сардор Уктамовичтин катышуусунда кыргыз-өзбек бизнес форуму өтүп жатат, B2B форматындагы эки тараптуу жолугушууларды камтыйт.

Жолугушуунун максаты - катышуучуларга экономикалык реформалар, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат берүү, эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо жана өнүктүрүү, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда өз ара кызыкчылыкты жараткан маселелер боюнча ишкер байланыштарды түзүүгө көмөктөшүү.

Кыргыз тараптан 100дөн ашуун бизнес өкүлдөрү катышат. Кыргыз делегациясын Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Кармышаков Улукбек Тойчуевич жетектейт.

Бул иш-чара соода-экономикалык мамилелерди мындан ары чыңдоонун, анын ичинде Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ишкерлеринин ортосунда бизнес-байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүнө байланыштуу биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга жана түзүүгө басым жасоо менен актуалдуу. 


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу