Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Улукбек Кармышаков Ислам академиясынын пайдубалын түптөө аземине катышты

Новости
10-Март 2021-ж.
1953

Чүй облусунун Токмок шаарында Ислам академиясынын келечектеги имаратынын пайдубалына капсула салуу аземи болуп өттү. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Улукбек Кармышаков, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Бириккен Араб Эмираттарындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Абдулатиф Жумабаев жана Хамад Салем Кардаус Аль-Амри мырза баштаган БАЭ делегациясы катышты.

Академиянын курулушу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен БАЭнин Заед Бин Султан Аль-Нахайян Кайрымдуулук гуманитардык фондунун ортосунда Ислам академиясын негиздөө боюнча тиешелүү макулдашуулардын алкагында башталат.

Келечектеги Ислам академиясында студенттердин болжолдонгон жалпы саны 200 адамды түзөт, алардын ичинен 150 адам магистратура жана докторантура программалары боюнча окушат, ошондой эле 50 орун даярдоо курстарына жана квалификациясын жогорулатуу курстарына бөлүнөт. Академия магистратура жана докторантура программалары боюнча дин таануу жана диний предметтерди тереңдетип өздөштүрүү менен светтик билим берет.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу