ЭКУ менен кызматташуунун алкагындагы Кыргызстандын артыкчылыктары

Новости
05-Март 2021-ж.
2410

2021-жылдын 4-мартында Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) саммити видео конференция форматында өттү

Бүгүнкү күндө ЭКУ максаты-дүйнөлүк экономикалык системанын татыктуу жана маанилүү оюнчусу болуу.

Президент Садыр Жапаровдун айтымында, экономикалык кызматташтык жана экономикалык жактан тыгыз иш алып барууга жетишүү үчүн ЭКУга мүчө мамлекеттери соода, транспорт жана байланыш, энергетика, туризм, Социалдык камсыз кылуу жана айлана-чөйрө сыяктуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы стратегияларды иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга тийиш. 

Ошондой эле ал ЭКУ аймагында, анын ичинде Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу Кытай менен чек арага чейин да жаңы темир жол линияларын куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Президент ЭКУ өлкөлөрү ортосундагы энергетикалык ресурстарды сатууну кеңейтүү зарылдыгын баса белгиледи. 

“Энергетиканын өнүгүшү көп жылдардан бери экономикалык өсүшкө шарт түзөт. Мисалы, бүгүнкү күндө төрт өлкө - Кыргызстан, Тажикстан, Афганистан жана Пакистан - CASA -1000 обьектилеринин курулушун баштады. Бул долбоор Борбордук жана Түштүк Азия үчүн региондор аралык электр энергия рыногун түзүүгө, ошону менен бүтүндөй континентте электр энергиясынын соодасын өнүктүрүүгө багытталган”, - деди Садыр Жапаров.

Ошол эле учурда Президент азык-түлүк коопсуздугу жана региондогу айыл чарбасын туруктуу өнүктүрүү жаатында өркүндөтүлүп жана чыңдалышы керек болгон бир катар маанилүү долбоорлорду атады. Ал айрыкча өлкөлөрдүн ортосундагы туризм жаатындагы кызматташтык активдешип жаткандыгын белгиледи.

Иш-чарага Түркиянын, Түркмөнстандын, Афганистандын, Азербайжандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын Президенттери, Пакистандын премьер-министри жана ЭКУ Башкы катчысы Хади Солейманпур катышышты.



Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу