Билдирүү

Новости
05-Март 2021-ж.
3024

ЕЭК сайтында коомдук талкуулоо үчүн Бажы Бирлигинин “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугун камсыз кылуу жөнүндө” (ББ ТР 021/2011) техникалык регламентинин иштетилбеген, ошондой эле иштетилген жаныбарлардан алынган кайра иштетилген тамак-аш продукциясында да камтылышы мүмкүн болгон ветеринардык дары-дармек каражаттарынын (фармакологиялык активдүү заттардын) максималдуу жол берилген чектерин белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдүн долбоору жарыяланган https://docs.eaeunion.org/pd/ru-ru/0105708/pd_05022021.

Өзгөртүүлөрдүн долбоорун коомдук талкуулоону аяктоонун пландаштырылган күнү - 2021-жылдын 6-апрели. Өзгөртүүлөрдүн долбооруна карата сын-пикирлер жана сунуштар ЕЭКке коомдук талкуулоонун мөөнөтү аяктаганга чейин берилиши керек.

Киргизилген өзгөртүүлөр жаныбарлардан чыккан чийки заттан жасалган продукциялар өндүрүүчүлөрдүн кызыкчылыктарын козгойт, атап айтканда иштетилбеген, ошондой эле иштетилген жаныбарлардан алынган кайра иштетилген тамак-аш продукциясында да камтылышы мүмкүн болгон ветеринардык дары-дармек каражаттарынын (фармакологиялык активдүү заттардын) максималдуу жол берилген чектерин белгилейт.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу