“Вечерний Бишкек” гезитинин 2021-жылдын 1-мартындагы Адучиев Канат Максатовичтин дайындалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө макалага байланыштуу

Новости
03-Март 2021-ж.
2213

Вечерний Бишкек гезитинин 2021-жылдын 1-мартындагы Адучиев Канат Максатовичтин дайындалышынын мыйзамдуулугу жөнүндө макалага байланыштуу төмөнкүлөрдү билдиребиз.

Адучиев Канат Максатович 2017-жылдын май айында бош административдик мамлекеттик кызмат орундарын ээлөө боюнча ачык конкурстун жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин (мындан ары - Департамент) конкурстук комиссиясы тарабынан Банкроттук процесстерине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн адиси кызматына дайындоо сунушталган.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө Жобонун 34-пунктуна ылайык К.М.Адучиев тарабынан ачык конкурска катышуу үчүн документтердин керектүү топтому, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынан 2016-жылы 21-сентябрындагы №7спр/51608 Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу тууралуу маалымкат берилген.

Ушунун негизинде Департаменттин конкурстук комиссиясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана ачык конкурстун жыйынтыгы боюнча Департаменттин 2017-жылдын 4-майындагы №5-л буйругу менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Банкроттук иштер боюнча департаментинин банкроттук процесстерине мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн адиси кызматына дайындаган.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу