КР вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков казак бизнес-коомчулугу менен жолугушту

Новости
03-Март 2021-ж.
2318

Үстүбүздөгү жылдын 3-мартында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун Казакстан Республикасына болгон сапарынын алкагында Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын бизнес-коомчулугу менен жолугушуу болуп өттү, анын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров сөз сүйлөдү.

Жолугушуу “суроо-жооп” ачык диалог форматында өттү, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри - Экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаков, КР Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору А.Н.Шыкмаматов казакстандын ишкерлеринин суроолоруна жооп беришти.

Аталган жолугушуу катышуучуларга экономикалык реформалар, экспорттук жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, ошондой эле кыргыз-казак соода-экономикалык мамилелерин чыңдоо жана өнүктүрүү тууралуу маалымат берүүгө, ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда эки тарапты кызыктырган маселелер боюнча ишкердик байланыштарды түзүүгө багытталган.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө маалымат берди, ошондой эле энергетика, жеңил жана оор өнөр жай, транспорт, туризм жана айыл чарба жаатында казак тарапка сунуштай турган инвестициялык долбоорлордун тизмесин берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө казакстандык компаниялардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү жана Кыргыз Республикасынын аймагында өз ишин жүргүзүүдө көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдиришти.

Ошол эле учурда, казак тарап энергетика жана тоо-кен тармагында биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин билдирди.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын тармактык министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилери, ошондой эле Казакстан Республикасынын бизнес-коомчулугу катышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу