“Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы №64 токтому

Новости
02-Март 2021-ж.
3487

“Кыргыз Республикасында Евразия экономикалык бирлигинин бажы чек арасы аркылуу автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун түрлөрүн жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 26-февралындагы №64 токтому менен товарларды экспорттоонун “бир аялдама” принциби боюнча Кыргыз Республикасынан товарларды жана жаныбарларды ташып чыгууда автомобилдик өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдоочу органдар тарабынан жүргүзүлүүчү жол-жоболорду оптималдаштыруу максатында санитардык-карантиндик контролду, ветеринардык жана фитосанитардык контролду жүргүзүү үчүн контролдук иш-аракеттер алып салынды.

Товарларды жана транспорт каражаттарын Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүү / экспорттоо боюнча мамлекеттик контролдоонун бардык каралган түрлөрүнөн өтүүнүн максималдуу убактысы бир сааттан ашпоого тийиш.

Бүгүнкү күндө өткөрүү пункттарында көзөмөл жүргүзүү практикасы төмөнкүлөрдү көрсөтүп турат:

• чек арадагы өткөрүү пункттарында иш жүзүндө тиешелүү контролду жүргүзбөстөн, жүктү коштоочу документтерди каттоо ишке ашырылат;

• тышкы экономикалык иштин катышуучусунан суралган маалымат кайталанма мүнөздө. Ошол эле учурда чек арада жүргүзүлгөн көзөмөл документалдуу түрдө гана жүргүзүлөт жана ташылып жаткан жүктөрдүн коопсуздук талаптарына ылайык келбейт.

ЕАЭБ Бажы кодексине ылайык, экспорттоодо бажы жагынан жол-жоболоштуруу жайларында бажы жагынан жол-жоболоштурууда товарларды чыгарууга байланыштуу операцияларды жүргүзүү үчүн документтер, анын ичинде ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттар берилиши керек.

ЕАЭБдин Бажы кодексине ылайык, бажылык тариздөө жерлеринде бажылык тариздөөдөн өтүүдө товарларды чыгарууга байланыштуу операцияларды жасоо үчүн экспорттоодо документтер, анын ичинде ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттар берилүүгө тийиш.

Ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттарды тариздөөдө жана берүүдө ветеринардык-санитардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан толук документалдык контроль, товарларды, транспорттук каражаттарды карап чыгуу/текшерип кароо жүргүзүлөт.

Ага ылайык, экспорттун бажылык жол-жобосуна киргизилген өткөрүү пункттарында товарлар чыгарылган учурда ветеринардык жана фитосанитардык сертификаттарды талап кылуу контролдук иш-аракеттерди жүргүзүү боюнча кайталоочу деп табылышы керек.

Ошентип, товарларды жана жаныбарларды ташып кетүүнүн бажы жол-жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагындагы ЕАЭБ бажы чек арасы аркылуу автоунаа өткөрүү пункттарында мамлекеттик контролдун төмөнкү ырааттуулугу белгиленет:

1) радиациялык көзөмөл;

2) чек ара көзөмөлү;

3) транспорттук көзөмөл;

4) бажы көзөмөлү.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу