Вице-премьер-министр - КР Экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаков Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен жолукту

Новости
01-Март 2021-ж.
1870

2021-жылдын 1-мартында Вице-премьер-министр - Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министри У.Т.Кармышаков Дүйнөлүк Банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук айым менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө У.Т.Кармышаков Дүйнөлүк Банктын долбоорлорунун алкагындагы ийгиликтүү кызматташтыгы үчүн айрыкча COVID-19 пандемиясына каршы долбоорлорду ишке ашырганы үчүн Дүйнөлүк Банкка ыраазычылык билдирди.

Тараптар ошондой эле Кыргыз Республикасынын өнүгүү приоритеттерин, Дүйнөлүк банк менен кызматташуунун стратегиялык багыттарын, Кыргыз Республикасы менен ДБнын өз ара аракеттенүүсүн, анын ичинде COVID-19га каршы эмдөө боюнча долбоорду ишке ашырууга ДБнын жардамын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар талкууланган маселелерди илгерилетүү боюнча макулдашууга жетишишти жана алардын максималдуу натыйжалуулугун камсыз кылуу максатында биргелешкен долбоорлордун алкагында өз ара аракеттенүүнү күчөтүү жөнүндө макулдашышты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу