Бизнес менен диалог: Инфраструктураны өнүктүрүү үчүн МЖӨ мүмкүнчүлүктөрү

Новости
26-Февраль 2021-ж.
3126

2021-жылдын 21-февралында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри У.А.Марипов ата мекендик бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушуунун негизги максаты экономиканы мындан ары активдештирүү боюнча демилгелерин талкуулоо жана ишкерлердин иши үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча биргелешкен иш-чараларды талкуулоо болду. Аталган жолугушуунун алкагында мамлекеттик инфраструктура объектилерин жана кызмат көрсөтүүлөрүн өнүктүрүүгө жеке секторду тартуу маселелери талкууланды. Бул багыттарды өнүктүрүү үчүн кызматташтыктын механизмдеринин бири мамлекеттик-жеке өнөктөштүк болуп эсептелет.

Ушунун негизинде, 2021-жылдын 25-февралында Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинде министрдин биринчи орун басары Иманалиев Данияр Шаршенбекович Кыргыз Республикасынын мамлекеттик-жеке өнөктөштүгүн өнүктүрүү маселелери боюнча бизнестин өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргыз Республикасында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана аталган механизм аркылуу инфраструктураны өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Аталган олугушууга JIA бизнес-ассоциациясынын төрагасы Жоодар Жоошов, “Салымбеков Университетинин” президенти Амангелди Жумадилов, МЖӨ жаатындагы эксперт Гульнара Каликова жана IFC эксперти Салтанат Алымкулова катышышты. 

Өкмөт инфраструктураны өнүктүрүүгө жеке капиталды тартуу маселелерине өзгөчө көңүл буруп жаткандыгы белгиленди. Мамлекеттик сектордун ресурстарынын чектелгендигин эске алганда, жеке капитал экономиканын чакан энергетика, транспорт, логистика жана социалдык инфраструктура сыяктуу артыкчылыктуу тармактарынын өсүшүнүн драйвери болуп саналат.

Жыйынтыгында Д.Ш.Иманалиев жолугушуу үчүн жана МЖӨ долбоорлорун ишке ашырууда айтылган сунуштар үчүн ыраазычылык билдирди, ошондой эле МЖӨ механизмдерин комплекстүү өнүктүрүү боюнча биргелешкен ишти жигердүү жүргүзүүнү сунуштады жана инфраструктуралык долбоорлорду каржылоого бизнести активдештирүү үчүн мамлекеттик жана жеке секторлордун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсү максатында бирдиктүү аянтча түзүү идеясын колдоду.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу