Нарын облусундагы муниципалдык имараттарды курууга, реконструкциялоого кызыкчылыкты билдирүү тууралуу кулактандыруу

Новости
05-Февраль 2021-ж.
3222

Нарын облусунун Нарын жана Жумгал райондорунун мамлекеттик администрациялары МЖӨ борбору менен биргеликте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизми боюнча мамлекеттик объекттерди куруу жана реконструкциялоо долбоорлорун ишке ашырууга ниеттенип жаткандыгын маалымдайбыз.

Бул кулактандыруу “Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында жеке демилге жөнүндө сунуштарды берүү үчүн кызыкдар жактарды тартуу максатында берилет.

Негизги идея - мамлекеттик активдерди, анын ичинде эскилиги жеткен инфраструктура объектилерин натыйжалуу пайдалануу жана калкка көрсөтүлгөн инфраструктуралык кызматтардын сапатын жогорулатуу.

Мамлекеттик бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн чектелгендигин эске алып, имараттарды куруу жана реконструкциялоо мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгү аркылуу жеке инвестицияларды тартуу жолу менен пландаштырылууда.

Долбоордун идеясына жана МЖӨ процедураларына байланыштуу бардык суроолор боюнча Нарын жана Жумгал облустарынын мамлекеттик администрацияларына же МЖӨ борборуна төмөнкү номерлер боюнча кайрылыңыз:

МЖӨ борбору: (0312) 62-38-49, электрондук дарек:pppgovkg@gmail.com

- Нарын районунун Эчки-Башы айылында жайгашкан жүндү кайра иштетүүчү АЯН цехи жана кийиз устаканасы.

Участоктун аянты: 0,10 га

Имараттын аянты:98 м. кв

Баяндоо: Бүгүнкү күндө чийки заттын жоктугунан толук кандуу иштебей турат. 3 бөлмөлөрдөн турат: кийиз жасоо үчүн бөлмө, жүндү кайра иштетүү үчүн бөлмө жана кийим чечилип коюлуучу бөлмө.

Нарын районунун Жерге-Тал айылында жайгашкан Керемет тиричилик техникасы борбору.

Участоктун аянты: 2570,0 м. кв

Имараттын аянты: 325,7 м.кв

Баяндоо: Объекттин бөлмөлөрүнүн биринде жүндү кайра иштетүү үчүн жабдыктар бар. Объектте керектүү инфраструктура бар.

- Жумгал районунда жайгашкан муниципалдык устакана  

Участоктун аянты: 220 м.кв

Баяндоо: Айыл чарба техникалары жаз айларында оңдолуп, калган убактысы бош турат.

- Жумгал районунда жайгашкан убактылуу муниципалдык бала бакча

Участоктун аянты: 225 м.кв

Баяндоо: ФАПтын эски имараты учурда ал жакта бала бакча жайгашкан.

Объектилердин тизмеси.docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу