Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде 2021-2025-ж.ж. Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жана чакан топтун 2-жыйыны болуп өттү

Новости
29-Январь 2021-ж.
3386

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-декабрындагы №386-б буйругунун 2-пунктун аткарууга алып Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинде министр С.Т.Муканбетовдун төрагалыгы алдында 2021-2025-ж.ж. Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү программасын иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун жана чакан топтун 2-жыйыны болуп өттү

Видеоконференция режиминде өткөрүлгөн жыйындын жүрүшүндө эл аралык ITC эксперттери Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү боюнча Программанын долбоору жана иш-аракеттер планыны жөнүндө жалпы маалымат беришти.

Жыйындын алкагында ведомстволор аралык жумушчу топтун жана чакан топтун мүчөлөрү 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында электрондук коммерцияны өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын долбоорун карашты жана талкуулашты.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу