О. Панкратов Министрликтин “Экономиканын отличниги” төш белгиси менен сыйланды.

Новости
12-Сентябрь 2013-ж.
2536

Бүгүн 2013-жылдын 12-сентябрында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Чоң залында Олег Панкратовду Министрликтин чоң жамааты узатышты, ал мурдараак өзүнүн каалоосу менен кызмат ордунан алуу жөнүндө арыз жазган эле. Тийиштүү буйрукка мамлекеттин Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев кол койду.

Министр Темир Сариев, Олег Михайловичтин ак ниеттүү жана кынтыксыз иши үчүн чоң ыраазычылыгын билдирип, республиканын экономикасын өнүктүрүүгө, реформаларды өткөрүүгө кошкон салымы жана иште кесипкөйлүктү көрсөткөндүгү үчүн КР Экономика Министрлигинин “Экономиканын отличниги” деген төш белгиси менен сыйлады.

Ошону менен бирге, О. Панкратов иш жүзүндө өзүн абийирдүү жана чынчыл жаран катары көрсөтүп, экономикалык өзгөрүүлөрдү иш жүзүнө ашырууга рыноктук мамилелерди орнотуу үчүн максатка багытталган шарттарды түздү. “Ушундай адамдардын аркасы менен, биздин Министрликтин бирдиктүү жана ынтымактуу жамааты бар”, - деп министр белгилеп өттү, жана Олег Михайлович мындан ары да өзүнүн күчүн, профессионалдык билимин жана тажрыйбасын коюлган маселелерди татыктуу аткарууга жумшайт деген ишеничин билдирди.

2013-жылдын 11-сентябрынан баштап Олег Панкратов Кыргызстандын Премьер-министринин кеңешчиси болуп дайындалды.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу