Экономика министрлиги “2021-2025-ж.ж. Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө” токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарат

Новости
25-Январь 2021-ж.
4176

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 10-мартында № 149 буйругун ишке ашыруу максатында, Ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрүнүн сунуштарынын негизинде 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасын бекитүүнү караган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аталган токтомунун долбоору даярдалган.

Аталган токтом долбоорунун максаты жана милдети - Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин өнүктүрүү жана колдоо.

Аталган токтом менен төмөнкүлөр бекитилет:

- 2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү боюнча программасы; 

-Программаны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планы;

- Программанын ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо үчүн көрсөткүчтөрдүн матрицасы.

Өнүктүрүү Программасы.docx

Көрсөткүчтөр матрицасы.docx

Иш-чаралар планы.docx

КРӨнүн токтому.docx




Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу