Уруксат берүүчү документтердин электрондук реестри тегерек столдо талкууланды

Новости
22-Январь 2021-ж.
3622

2021-жылдын 22-январында бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү менен уруксат берүүчү документтердин электрондук реестри талкууланды.

Уруксат берүүчү документтердин реестрин иштеп чыгуу боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 21-августундагы №288-б буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык финансылык корпорациянын (IFC) ортосундагы Кызматташтык жөнүндө макулдашуунун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 15-февралында №20-б буйругу менен бекитилген “Санарип Кыргызстан 2019-2023” санариптик трансформациялоо концепциясын ишке ашыруу боюнча Жол картасынын 21-пунктун ишке ашыруу алкагында Министрлик тарабынан Эл аралык Финансы Корпорациясы (IFC) менен биргеликте жүргүзүлөт.

Аталган реестр ишкерлер жана инвесторлор үчүн бизнес жүргүзүү үчүн талап кылынган бардык уруксат документтери жөнүндө маалыматты камтыйт жана убакытты кыскартуу, жигердүү маалымат алуу жана бардык кызыкдар тараптар тарабынан ыңгайлуу пайдалануу максатында түзүлгөн.

Реестр үчүн маалыматтарды чогултуу уруксат берүүчү документтерди берген мамлекеттик органдардын анкеталарын толтуруу аркылуу ишке ашырылат.

Бүгүнкү күндө порталдын жумушчу версиясы иштелип чыгып, кеңешменин катышуучуларына жөнөтүлдү.

Бул реестр биринчи кезекте ишкердик субъекттерин пайдалануу үчүн түзүлөт. Белгилей кетүүчү жагдай, уруксат берүүчү документтеринин электрондук реестрин түзүү - бул автоматташтыруунун биринчи этабы гана. Экинчи этапта лицензияларды жана уруксат кагаздарын онлайн режиминде берүүнү киргизүү пландаштырылууда.


Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу