Экономика министрлигинде текстиль өндүрүү жана тигүү тармагында улуттук лабораториялык системаны модернизациялоо боюнча семинар болуп өттү.

Новости
11-Сентябрь 2013-ж.
2372

Бүгүн 11-сентябрда КР Экономика министрлигинин Чоң залында “Кыргызстандын кийим жана текстиль өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы рыноктордогу мүмкүнчүлүгү. Текстиль өндүрүү жана тигүү тармагында улуттук лабораториялык системаны модернизациялоо боюнча стратегиялык планын аныктоо” темасында семинар болуп өттү.

Семинарда техникалык жөнгө салуу системасына реформа жүргүзүүгө активдүү катышкан Экономика министрлигинин, Стандартташтыруу жана метрология борборунун, КР ЭМ алдындагы Кыргыз аккредитациялоо борборунун, текстиль өндүрүү жана тигүү тармагында сыноо лабораторияларынын өкүлдөрү, “Легпром” ассоциациясынын жана эл аралык уюмдардын мүчөлөрү катышышты.

Министрликтин статс - катчысы Айдай Курманова өзүнүн чыгып сүйлөөсүндө белгилегендей, бүгүнкү күндө республикадагы көбүнчө сыноо лабораториялары модернизациялоого муктаж. Айрыкча бул маселе республиканын аймактарында сезилип жатат. Сыноодо колдонулган жабдуулар он жылдар мурун алынган, ошого карата булар моралдык жактан эскирип, иштеген жагынан да жешилген.

Лабораторияларда сыноо жүргүзүү үчүн керектүү стандарттык үлгүлөр, сарптоо материалдар жетишээрлик түрдө камсыз кылынбайт. Адистер өз учурунда окуудан өтпөй жатат. Көрсөтүлгөн факторлор, алардын өткөрүп жаткан сыноолорунун чындык экенине керектөөчүлөрдүн жана чет элдик өнөктөрдүн ишенимин көрсөткөнгө мүмкүндүк бербейт.

Ушуга байланыштуу текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу жана өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүп элди жумуш менен камсыз кылуу максатында КР Өкмөтү менен 2013 -жылдын 6 - мартында № 123 Токтому кабыл алынган, ал Токтом менен 2013 – 2015 - жылдарга КР Текстиль жана тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү программасы бекитилген.

Продукция өндүрүүчүлөр үчүн соодадагы техникалык жолтоолорду жоюу жана чыгымдарды азайтуу максатында КР лабораторияларынын жүргүзгөн сыноолорун эл аралык деңгээлде таануу үчүн республиканын сыноо базасын модернизациялоо зарыл.

Тигүү жана текстиль өндүрүү тармагындагы Республиканын лабораториялык системасын модернизациялоо бизнестин өнүгүүсүнө, экспорттук потенциалын жогорулатууга жана мамлекеттин экономикасынын бүт бойдон өнүгүүсүнө шарт түзөт.
Республиканын сыноо инфраструктурасын модернизациялоо боюнча ЮСАИД программасы менен БС талаптарына ылайык БЦИС сыноо лабораториясынын абалын эксперттик баалоо жүргүзгөн.

Андан сырткары, семинарда ЮСАИД Жергиликтүү өнүгүү программасынын башкы консультанты Эдвард Немерофф мырза менен “Кыргызстандын текстиль жана кийим өндүрүүчүлөрү үчүн жаңы рыноктордогу мүмкүнчүлүктөр” презентациясы көрсөтүлгөн.

Жалпысынан семинардын катышуулары текстиль жана тигүү өндүрүш тармагында республиканын сыноо лаборатория системасын модернизациялоо муктаждыгын изилдөө максатында Министрликтин алдында Жумушчу топ түзүү тууралуу маалымат алышты, мындан сырткары текстиль жана тигүү өндүрүш тармагындагы улуттук лабораториялык системасын өнүктүрүү стратегиялык планы боюнча мындан аркы аракеттерин талкуулашты.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу