КР Экономика министрлиги Кыргыз Республикасындагы БУУ Өнүктүрүү Программасынын колдоосу менен республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттери арасында конкурстун башталгандыгын жарыялайт

Новости
20-Январь 2021-ж.
3326

2021-жылдын 20-январынан 19-мартына чейин республикалык жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын журналисттеринин арасында Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин карамагыны кирген маселелер жана саясат чөйрөсүндө эң мыкты чагылдырууга конкурс жарыяланат.

Конкурс эл аралык финансы институттарынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык прогрессин жана туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин иши жөнүндө калктын маалымдуулугун жогорулатуу максатында өткөрүлүүдө.

Конкурста 2021-жылдын 20-январынан 2021-жылдын 19-мартына чейинки мезгилде жарыяланган (эфирге чыккан) материалдар кабыл алынат, анын жыйынтыгы 2021-жылдын 31-мартынан кечиктирилбестен жарыяланат.

Конкурс эки тема боюнча бир этапта өткөрүлөт: инвестицияларды тартуу жана эл аралык финансы уюмдарынын каржылоого жеткиликтүүлүгү.

Конкурс төмөнкү номинацияларда өткөрүлөт:

  • ЖМК басма жана электрондук мыкты публикация;
  • ЖМК телекөрсөтүү жана радиодогу мыкты материал.

Ар бир номинацияда бир гана материал жана анын автору (авторлордун жамааты) жеңүүчү болот. Ошондой эле II жана III орундар аныкталат.

Ар бир номинация боюнча жеңүүчүлөргө төмөнкү сыйлыктар каралган:

  • 1-орун - Планшет;
  • 2-орун - Букридер;
  • 3-орун - Мобилдик телефон.

Материалдар эркин формада катышууга өтүнмө, берилген иштерге кыскача аннотация жана ЖМК жөнүндө маалымат (автор тууралуу), байланыш телефондору менен төмөнкү дарекке жөнөтүлөт   e-mail: media.contest2021@gmail.com.

Сунушталган темалар жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылышы керек, конкурска катышуу жана конкурстун шарттары тиркемеде.

Конкурстун шарттары.docx

Конкурстун темалары (final).docx

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу