Мамлекеттин чарба субъектилери үчүн ISO НАССРны киргизүүгө жана колдонууга окуулар өткөрүлүп жатат.

Новости
12-Сентябрь 2013-ж.
2329

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдындагы Стандартташтыруу жана метрология борбору жана Стандартташтыруу боюнча Польша комитети менен бирге 2013-жылдын 10-сентябрынан баштап 14-сентябрына чейин республиканын чарба субъектилери үчүн ISO 22000 (НАССР) киргизүү жана колдонуу үчүн семинар өткөрөт.

НАССР системасы башкаруунун заманбап ыкмасы болуп саналат, ал тамак-аш продуктыларынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн спецификалык коркунучтарды жана көзөмөлдүн чараларын системалуу түрдө аныктайт.

Бул система дүйнөлүк деңгээлде таанылган жана бүгүнкү күндө Европа Союзунун мамлекеттеринин, АКШнын, Канаданын тамак-аш өнөр жайында HACCPды колдонуу жана киргизүү милдеттүү болуп саналат.

Предложения по улучшению сайта
Онлайн кайрылуу